Учурда Кыргызстандын аймагында 379 унаа жуучу жай иш алып барат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 303 жай ыктыярдуу түрдө патент төлөсө, 41 унаа жуучу жай салыктын негизинде иштейт. Ал эми жалпы негизде иштеген жайлардын саны 35ти түзөт.
Автоунаа жууган жайлардан түшкөн салыктын суммасы:
2009-жыл. 223 унаа жуучу жайдан 3 миллион 178,9 миң сом.
2010-жыл. 258 унаа жуучу жайдан 3 миллион 664,4 миң сом.
2011-жыл. 338 унаа жуучу жайдан 4 миллион 551,9 тмиң сом.
2012-жыл. 359 унаа жуучу жайдан 6 миллион 873 миң сом.
2013-жыл. 379 унаа жуучу жайдан 7 миллион 236,1 миң сом.