Кыргызстан боюнча 155 893 адам майыптыгы боюнча расмий каттоодо турат. Анын ичинен 26 672си 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр, алар ай сайын 3-5 миң сомго чейин жөлөк пул алышат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 25 882 адам бала кезинен бери 1, 2, 3- топтогу, ал эми 5653 адам - 1, 2, 3-топтордогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар.
Кыргызстандагы мекеме-ишканаларда, окуу жайларда жана коомдук транспортто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жүрүшүнө шарттар түзүлө элек. Азиздер жана кулагы укпагандар үчүн атайын мектептер бар. Ал эми буту-колу оорулуулар жалпы мектептерде окуп келишүүдө.