Ошто этностор аралык ынтымакты бекемдөө менен Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган иш-чара болуп өттү   

Араван районундагы Чек-Абад айыл округунда 25-мартта «Этностор аралык ынтымак – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи» деген аталышта иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу 26-мартта ИИМдин Түштүк башкармалыгынын этностор аралык жаңжалдарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы  Арстан Жоошбеков билдирди.

"Иш-чараны өткөрүүнүн башкы максаты - улут аралык мамилени, достукту чыңдоо менен бирге улуттарды ынтымакка чакырып, учурдагы көйгөйлөр менен жеринен таанышуу жана улуттар арасында ар кандай чыр-чатактардын чыгуусуна жол бербөө",- дейт ал. 

Жыйынга Араван районунун акими Шамил Артыков, Араван РИИБинин өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан