Учурда КРнын Коргоо министрлигинин буйругу менен Биринчи Май райондук камдык ротасын окутуу-үйрөтүү иштери жүрүп жатат. 25-мартта башталган иш-чара 2 күнгө созулат.
Маалыматка ылайык, окутуу-үйрөтүү иштери Бишкектеги №1-мектеп-гимназиясында жүргүзүлөт. Андан тышкары ротанын өкүлдөрү Кой-Таш айылында жайгашкан “Ала-Тоо” окуу борборунда ок атуу боюнча да практикадан өтүшөт.
Кошумчалай кетсек, камдык ротасы Биринчи Май районунун эсебинен каржыланат.