Маалыматка таянсак, Сириядагы жарандык согушка бүгүнкү күнгө чейин Ош жана Баткен облусунан жалпы 54 адам кеткени айтылган. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Сирияга 20 адам кеткени белгилүү болуп, ал эми 12 адамдын чет өлкөгө чыкпаганы аныкталды. Калган 22 адам тууралуу маалымат толук такталып бүтө элек.
Ошондой эле Кара-Суу районунан Сирияга кетүүгө камынган 7 адам кармалган. Учурда алар "Кыргызстандын аймагында теракт уюштурууну пландашкан" деп шектелүүдө.