Көк-Таш айылына тиешелүү Арыктын төмөн жагында калган 6-7 үй-бүлө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин көчө алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 26-мартта КРнын Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Токон Мамытов билдирди.
Анын айтымында, кыргыз өкмөтү Тажикстан менен кичи анклавдарды алмашууга каршы эмес. Бирок бул эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билинет. "Бул сунушту Арыктын төмөнкү жагында калган 6-7 кыргыз үй-бүлөлөрү көтөрүп чыккан. Ал эми Баткен аймагындагы айылдардын жашоочулары жер алмашкандыгы тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт. Биз азыр бул сунуштун үстүнөн ойлонуп жатабыз. Алмашуу үчүн юридикалык документтер даярдалышы керек. Бул сунуш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин гана ишке ашышы мүмкүн”,- дейт ал.