Турсунбек Акун: “Орусияда 2500гө жакын адам эркиндигинен ажыратылып, жазасын өтөп жатат ”

Бүгүнкү күндө Орусия Федерациясында 2478 Кыргызстандын жараны эркиндигинен ажыратылып, учурда жазасын өтөп жаткан кези. Бул тууралуу мигранттардын абалы, алардын маселелери боюнча иш сапары менен Орусия Федерациясында болуп келген Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктары конгрессинин координатору Турсунбек Акун маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, Орусиянын аймагында жазага тартылган Кыргызстандын жарандары айыпталган кылмыштын басымдуу бөлүгү баңгизатка байланыштуу болсо, экинчи орунда талап-тоноочулук, зордуктоо жана бейбаштык өңдүү кылмыштар турат.

"Айрымдардын жактоочусу эмес, котормочусу дагы болгон эмес. Ошондуктан жазага тартылгандардын укугу толук сакталды деп айтуу кыйынга турат”,- дейт Турсунбек Акун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aitunuk
2014-03-26 19:23:01
Муну азыр эмес, омбудсмен болуп турганда айтыш керек болчу, "кабинеттен кетпейм" деп көгөрүп жатып албай.
0
brend007
2014-03-27 00:03:26
Ушуну да кайра карап корсонор болот. Канча кыргыз жарандары куноосуз жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан