Тогуз-Торо районунун 70 жаштагы тургунунун ичинен салмагы 8,5 килограммдык эхинококкоз алынды. Бул тууралуу 26-мартта SUPER.KG порталына борбордогу №1-шаардык оорукананын профессору Акылбек Мусаев маалымдады.
Бул жарандын ичи октябрь айынан бери ооруп, шишип баштаган. Бирок эч жакка кайрылган эмес, натыйжада эхинококкоз оң жагындагы бөйрөктү жана боордун экиден үч бөлүгүн жеп койгон. Алынган эхинококкоздун салмагы 8,5 килограммды түзгөн.
“Акыркы 2-3 ай ичинде эхинококкоз илдетине чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Биздин ооруканадан эле күнүнө 5-6 операция жасалууда. Мындай темп менен уланса, бул эпидемияга айланышы толук мүмкүн”,- дейт профессор.
Ошондой эле Алай районунун бир мектебинде альвеококкоз илдетине чалдыккан 17 окуучу бала аныкталганын кошумчалады.