Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 10 жылда 115 миң адамга операция жасалды

Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 10 жыл ичинде 115 миң адамга операция жасалды. Муну аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Айта кетсек, 19-мартта аталган борбордун түзүлгөнүнө 10 жыл болду.

“Биздин башкы максаттарыбыздын бири  – ортопедия-травматология багытында жана медицинанын башка тармактарында бейтаптарды дүйнөлүк деңгээлде дарылоо. Биздин жарандарга да Американын, Европанын жарандарындай жогорку сапаттуу кызмат көрсөтүү. 10 жыл ичинде биздин борбордон 130 миң адам дарыланып, 115 миң адамга операция жасалды, 520 миң кишиге амбулатордук кызмат көрсөтүлдү. Демек, жылына орто эсеп менен 13 миң адамды дарылап, 11 миң кишиге операция жасап, 50 миң адамга амбулатордук жардам бериптирбиз”,- дейт Жумабеков.

Айта кетсек, аталган борбор 4 багытта иш алып барат: 

1. Сыныктарды чогултуп карматып, бекемдөө;

2. Омуртка ооруларын дарылоо;

3. Муундарды, тубаса кыйшык сөөктөрдү түздөө;

4. Балдар ортопедиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан