Бүгүн, 26-мартта “Баатырларга таазим” деген аталышта 7-Апрель революциясында курман болгон баатырларды эскерүү кечеси Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болуп өттү.
Ага КРнын мурунку Президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев, экономика жана антимонополия министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев катышып, сөз сүйлөштү. Ошондой эле кечеге мекен үчүн курман болгон эр-азаматтардын бир туугандары, ата-энелери чакырылган.
Баатырларды эскерүү кечесине келгендерге 7-Апрель окуясы сахналаштырылып көрсөтүлүп, ошол күндү эске салды. Алардын урматына ырчылар Г.Суранчиева, У.Усенов, С.Садыкова, төкмө акын Азамат Болгонбаев мекен темасындагы ырларды аткарышса, "Камбаркан" фольклордук ансамбли "Баба мурасы" күүсүн чертип берди.