Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кайрадан каттоо процесси 24-марттан баштап жеңилдетилди. Бул тууралуу 26-мартта Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каттоого кайрадан туруу үчүн жыл сайын Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык-медициналык экспертиза борбору аркылуу сөзсүз түрдө бейтапканага жаткырылып, №088-карточкасын толтуруу талап кылынчу.
Аталган процедуралар эми биринчи жолу каттоого туруп жаткандарга гана талап кылынат.
Кайра каттоодон өтүү үчүн мындан ары "дарыгердин көзөмөлүнөн өттү" деген аныктама (амбулатордук шартта) жана дарыгерден жаңыртылган тиешелүү кагаздар гана керектелет.