Ош шаарында 2013-жылы кургак учук менен каза тапкандардын саны 26ны, ВИЧ оорусуна чалдыгып көз жумгандардын саны 18ди түзөт. Ал эми онкологиялык оорулардын жыйынтыгында каза болгондор - 170. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын өкүлү Диларом Махгамова билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын январь айында 3 адам кургак учук оорусу менен каза болгон.