Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарындагы "Enactuskg" коомдук фонду тарабынан Экономика жана ишкердик университетинде билим алып жаткан 1-3-курстун студенттерине социалдык маселелерди кантип чечүү керектиги жана экономиканы өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
“Мындай семинарларды өткөрүүнүн негизги максаты - студенттерди социалдык маселелерди чечүүгө үйрөтүү, ишкердик долбоорлорду жүзөгө ашырууга жол көрсөтүү. Ошондой эле социалдык аймакта жашап жаткандарга жардам берүү да каралган”,- дейт Экономика жана ишкердик колледжинин мугалими Барно Хасанова.