Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Тамеки, спирттик ичимдиктер, деги эле бардык нерсе (жашы жете электерге сатууга тыюу салынгандар) ар өлкөдө сатылат. Башка мамлекеттерде жашы 18ден өткөндөргө сатышат. Мисалы, сатуучудан тамеки ала турган болсоң, ал "18ге толгонсуңбу?" деп сурайт. Биздин Кыргызстанда эмнеге андай эмес? Каалаган жериңден тамеки, сыра, арак алсаң болот. Жашың 10до болсо да. Азыркы учурда 4-5-класстын окуучулары тамеки тартып жүрүшөт. Бир жолу угуп калдым, "7-класстын окуучусу арак ичип алып, мектептин алдында кусуп жатат" деген сөздү. Бул бала өзү сатып алган да арагын. 18ге толо электерге сатпай койсо, ал кайдан сатып алат бул нерселерди? Агасына айта албайт, "тамеки, арак алып берчи, мен ичем" деп. Тыюу салынгандарды саттырбай койсо, жаштар да оңоло баштаса керек. Эмнеге биздин ИИМ бул маселени карабайт? Суроо калтырган В.В.916
Жооп: - Жашы жете электерге спирт, тамеки саткандарга Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексинин 92-1-беренесинин негизинде чаралар көрүлөт. Анда жашы жете электерге алкоголдук продукцияларды сатуу-сатпоо маселеси каралган.
18 жашка чыга элек адамдарга алкоголдук продукцияларды сатуу, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанганда, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга ушул иш менен алектенүү лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.Суроого Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.