Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 7-Апрель окуясынын урматына “Баатырларга таазим” аттуу эскерүү иш-чарасы өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев, экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев жана башкалар катышты. Роза Отунбаева иш-чарада көрсөтүлгөн видеотасмага нааразы болду.
“Тилекке каршы, бул окуя боюнча ырлар, китептер жок. Сүйлөйбүз, куран окуйбуз, ошону менен бүтөт. Биз жаштарды кантип тарбиялайбыз? Качан биз баатырларды даңазалайбыз? Биздин жазуучулар "акча жок" дешет. Ар бир театрда 200дөн ашык артист иштейт. Бүгүнкү күнгө чейин 7-Апрель окуясынын баатырлары жөнүндө бир да спектакль коюла элек. Спектаклдер аркылуу мораль-идеологияны элге жеткиришибиз керек да. Бүгүнкү фильм эмне деген фильм (ред. кечеде көрсөтүлгөн тасманы айтып)? Акаевди унутуп калгансып, он жолу көрсөтүштү. Башка эч нерсе көргөн жокмун. Мен 7-Апрель боюнча тасма көрсөтөт экен деп ойлогом”,- деди Отунбаева.