Улуттук филармонияда бүгүн, 26-мартта 7-Апрель революциясында курман болгон баатырларды эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чараны “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси уюштурган.
Анда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков: “Мекенибиз Кыргызстандын кызыкчылыктары, келечеги үчүн бир максатта биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган мезгил келди. Ал биздин эркиндик, татыктуу келечек үчүн курман болгондордун жаркын элесине болгон ыйык парзыбыз. Кечээ күнү куран окутуп келдик. Мени сүйүндүргөнү, ошол жерде жаштар көп экен. Баары баатырларга таазим кылып, куран окуп жатышат. Апрель баатырлары, сиздер менен кыргыз эли сыймыктанат!”- деди.