Кыргызстанда 2013-жылы 67 музей иштеп, ага 565 миң адам кирди. Андагы экспонаттардын саны 300 миң даананы түзгөнүн 26-мартта Улуттук статистика комитети билдирди.
Музей кызматкерлери тарабынан 10 миңдей экскурсия, 1,5 миң лекция жана 250дөй көргөзмө уюштурулганы белгилүү болду. Аталган иш-чаралар мамлекеттик казынага 6 миллион сом киреше алып келген.