Жалал-Абадда коррупцияга каршы күрөшүү максатында жыйын болуп өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 27-март күнү коррупцияга каршы күрөшүү максатында жыйын болуп өттү. Ага дин кызматкерлери жана Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогулов катышты. Анда студенттер менен коррупцияны жоюу жаатында талкуу болду.  

Прокурор коррупцияны жоюу үчүн ар бир студент күрөшүшү керектигин айтты. Сессия убагында өз күчү менен баа алышса, окуу жайлардын арасындагы коррупция жоюларына шарт түзүлөрүн белгилеп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан