Феликс Кулов премьерликке өзүнүн талапкерлигин сунуштоого азырынча эрте экенин айтты

“Ар-намыс” фракциясынын 28-марттагы жыйынында депутаттар өкмөт башчылыкка Феликс Куловдун талапкерлигин сунуштоо демилгесин көтөрүштү. Бирок фракция лидери Кулов мындан баш тартып, “бул маселени кароого азырынча эрте” деди.

“Республика” фракциясынын өкмөт башчыны жумшак рейтинг менен шайлоо сунушун КСДП фракциясы четке какты. Ошондуктан бул маселени кароону токтотуп туруу керек”,- деди фракция лидери.

Сунуш колдоо таап, маселе жыйында талкууланбай турган болду.

Айта кетсек, бүгүн жаңы коалициянын курамы расмий түрдө жарыяланышы күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан