Эртең, 29-мартта Ош шаарындагы ишембиликтин жүрүшүндө ар бир аймактык кеңештердеги жашоочулар тиешелүү жерлерди тазалашат. Ишембиликтин жүрүшү вице-мэрлерге жана бөлүм башчыларга жүктөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда көчөт тигүү, арык тазалоо иштери аткарылат. Айта кетсек, жазгы тазалоо иштеринин жүрүшүн Ош шаардык мэриясы жеке көзөмөлүнө алат.