КРнын Прокуратурасынын органдарында кызмат өтөөгө дил баян жазуу боюнча сынактын кадамынын жыйынтыгы белгилүү болду. Маалым болгондой, 502 талапкердин арасынан кийинки баскычка 89у өттү.
Белгилей кетсек, кийинки жыйынтыктоочу баскыч аңгемелешүү болуп саналат. Анын шарттары жана өтө турган убактысы КРнын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына чыгарылат.