"Эгер баласынын көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн Жол-кайгуул кызматынын инспектору өзүнүн кызматтык ыйгарым укугунан ашса, анда ал мыйзам чегинде жазага тартылышы керек",- деп билдирди бүгүн, 28-мартта
SUPER.KG порталына укук коргоочу
Жеңиш Тороев.Анын айтымында, бул маселени тиешелүү кызматтар изилдеп, өз чечимин чыгарат. Ушул чечимге ылайык, МАИ кызматкерине айып пул салынат же ал кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликке тартылат.
"Чуу жараткан окуя жаш баланын көзүнчө болуп жаткандыгы изилдөөчү комиссиянын чечимине таасирин тийгизбейт",- деди укук коргоочу.
Эскерте кетсек,
18-мартта интернетке Жол-кайгуул кызматынын инспектору чыркырап ыйлап жаткан баласынын көзүнчө айдоочуну жерге жыгып, урушканы тууралуу видеожазуу талкууга алынган.