Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн жана ботаникалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү жарык көрдү.
Окуу китебин КРнын Улуттук илимдер академиясынын Жер кыртышын изилдөө институтунун флора лабораториясынын кызматкерлери (Б.Султанова, Г.Лазыков, М.Ганыбаева, Г.Койчубекова) жазышкан.
Сөздүктө орус тилинен кыргызчага которулган 3909 түр өсүмдүктүн аты, 832 сорту, 114 түркүмдөрү жана 1242 ботаникалык терминдер камтылган.
“Өсүмдүктөрдүн аталыштарын которууда “Кадастр флоры Кыргызстана” китеби пайдаланылды. Көпчүлүк терминдер “Ботаника термини боюнча орусча-кыргызча сөздүгүнөн” (Шамбетов, 1988) кирген. Сөздүк био ар түрдүүлүктү кайтарууга байланышы барларга, биология илимдери боюнча кесипти аркалаган окутуучуларга, мугалимдерге жана Кыргызстандын өсүмдүктөрүнө кызыккандарга пайдалуу болот” деп билдиришти КРнын Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы.