Бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, электр жарыгы саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ленский, Урал, Коммунаров, Рижская, Тифлисская көчөлөрүндө өчүрүлөт. Жарыктын жок болушу трансформаторлорду оңдоо иштерине байланыштуу.