Ош шаарындагы “Жапалак” унаа базарына жумасына 2500-3000ге жакын унаа киргизилет. Ал эми жумасына 15ке жакын унаа сатылып турат. Белгилүү болгондой, унаалардын ижара акысы аптанын жума күнү 140 сом болсо, ишемби күнү 120 сом, ал эми жекшемби күнү 60 сом төлөшөт. Калган күндөргө ижара акы алынбайт. Ошондой эле унаанын мезгили май айларына туура келет. Аталган базар жергиликтүү бюджетке айына 504 000 сом төгөт. Мындай маалыматты “Жапалак” унаа базары муниципалдык мекемесинин жетекчисинин орун басары Нурлан Турпаев бүгүн, 1-апрелде билдирди.