ЖКнын тийиштүү комитетинде жума күндү дем алыш күнү деп жарыялоо маселеси каралууда

ЖКнын Социалдык саясат комитетинде бүгүн, 1-апрелде Кыргызстанда жума күндү жекшемби күнгө алмаштыруу маселеси каралууда. Башкача айтканда, депутат Турсунбай Бакир уулу жума күндү дем алыш күнү кылып өзгөртүүнү сунуштап жатат. Айтымында, калктын көпчүлүгү мусулмандар болгон өлкөдө жума күндү дем алыш кылуу ыңгайлуу.

“Негизи, жума намаздан кийин иштебеш керек. Бизде жума күнү түштө көпчүлүк жумушун таштап, намаз окуганы кетип калышууда. Мындай тажрыйба Малайзияда колдонулуп жатат”,- деди депутат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан