Ошто дааватчылардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн уюшулган бир айлык окуу курсу өз ишин баштады

Ош шаарында облус аймагынан келген 30га жакын дааватчы бир айлык окуудан өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, Ош шаары менен облустун казыяты биргеликте уюштурган дааватчылардын билим деңгээлин жогорулатуу максатындагы бир айлык курстар алгачкы жолу өтүүдө.   

"Дааватчылардын илимине жана кийимине көптөгөн сындар айтылып келет. Ошондуктан алардын дин тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын курс ачуу маселеси келип чыкты",- дейт казы.

Ал белгилегендей, дааватчылар үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстары эми ар бир квартал сайын уюштурулуп, анда 25-30га жакын адам билим деңгээлин жогорулатып, курсту аяктаган соң сертификаттарга ээ болушат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан