Бүгүн, 1-апрелде “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 17 миллион метр кубду түздү.
Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычына кирип жаткан суунун көлөмү секундасына 170 метр кубга барабар. Ал эми пайдаланууга кетип жаткан өлчөм - секундасына 451 метр куб.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 1-апрелде республиканын негизги суу резервинин көлөмү 11 миллиард 249 миллион метр кубду түзгөн.