Жалал-Абаддын Достук аймактык башкаруусунда ар жумада өткөрүлүүчү жыйын болуп, ага аталган аймактык башкаруунун квартал комитеттери жана милициялар катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
“Достук аймактык башкаруусуна "АРИС" программасынан 100 миң доллар, ал эми Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 2 миллион 237 337 сом бөлүнүп, учурда элдин сунушу менен бала бакчанын курулуш иши башталды”,- деди Достук аймактык башкаруусунун жетекчиси Жыргалбек Жапаров.
Жыйында көчөлөрдүн тазалыгына кам көрүү, жолду тазалап, бак-дарактарды актоо иштерин жүргүзүү жана ишембиликтерге чыгуу маселелери да каралды.