Бүгүн, 1-апрелде Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгында кварталдык комитеттеринин башчылары катышкан жыйын өттү.
Анда айыл жергесиндеги өлүм-житим, жамандык-жакшылыктарда ашыкча чыгым көп болуп жаткандыгы айтылып, аларды токтотууну колго алышарын маалымдашты.
Жалпысынан каза болгон жарандардын чыгымын азайтуу колго алынып, жамандык-жакшылыкта келген адамга баштыкча таратуунун да жокко чыгарылары маалым болду.