Бүгүн, 1-апрелде Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруусунда жыйналыш болуп өттү. Анда бир катар мал жандыктарын багуу жана таштандыларды тазалоо боюнча маселелер каралды. Ошондой эле жыйналышка коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев катышып, чечилбей келе жаткан айрым маселелерге токтолду.
Ал эми Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчиси Төлөнбек Бакиров да таштандылар боюнча жооп берип, шаар тазалыгы үчүн биргеликте күрөшөлү деген сунушун киргизди.
“Учурда Курманбек аймактык башкаруусунда эч кандай чечилбеген маселе жок. Жаз мезгили башталып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Тургундар ар апта тазалоо иштерине катышып, жолдорубуз тазаланды”,- дейт аймактык башкаруунун жетекчиси Шухрат Бурханов.