Бишкекте 7-Апрель - Эл аралык ден соолукту бекемдөө күнүнө карата бир нече иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги Ден соолукту чындоо борбору маалымдайт.
Маалыматка ылайык, көптөгөн иш-чаралар уюшулуп, калаанын окуу жайларында “Соо жашоо образы”, “Жугуштуу оорулардын профилактикасы” темасында бурчтар ачылат. Ал эми үй-бүлөлүк медициналык борборлордо тегерек столдор, жыйындар уюштурулмакчы.