"Жогорку Кеңеште жаңы коалициялык көпчүлүктүн өзгөрбөшү саясий коррупциянын бар экенин жана фракциялардын лидерлеринин эки жүздүүлүгүн билдирет",- деп айтты бүгүн, 1-апрелде "Эркин эл" саясий партиясынын лидери
Мавлян Аскарбеков.
Анын айтымында, 4 жылдын ичинде 4 премьер-министр иштеп, 3 коалициялык көпчүлүк бузулган. Ушундай көрүнүшкө парламентте болгон коррупция, шантаж, айрым депутаттардын жеке кызыкчылыктары себеп болуп эсептелинет.
"Башкаруучу коалицияга кирген 3 фракциянын бир топ депутаттарга кылмыш иштер козголгон, бирок алардын лидерлери жоопкерчиликке тартылган жок. Бийликке жаңы, жаш муундар керек",- деди Аскарбеков.