КРнын Тышкы иштер министрлиги Украинанын президенти Виктор Янукович жана Крым маселеси боюнча билдирүү жасап, Кыргызстандын репутациясына терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде маалымат жыйынында “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлянбек Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек ара маселелерин чечкени оң болмок. “Ал эми чоң геосаясий оюндарга Кыргызстан аралышпай эле койгону туура болот”,- дейт активист.