Ольга Лаврова: “Бейөкмөт уюмдардын каражат маселесине өкмөт кийлигише албайт”

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын каражат маселесине өкмөт кийлигише албайт.

Муну парламенттин 3-апрелдеги жыйынында каржы министрлигине талапкер Ольга Лаврова билдирди. Анын билдиришинче, бул аталган уюмдардын ички иши. Депутат Дамира Ниязалиева бейөкмөт уюмдарга сырттан келген акчалардын суммасын жана аны колдонуу максатын өкмөт билиши зарыл деген пикирде. Бул боюнча атайын орган түзүү керектигин кошумчалаган депутат: “Кургак учук боюнча сырттан миллиондогон акчалар келүүдө. Алардын каякка жумшалып жатканы боюнча өкмөттүн маалыматы жок”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан