Улукбек Кочкоров “кыргызстандыктардын 49 пайызы жакшы жашоо үчүн эгемендүүлүктөн баш тартууга макул экени айтылууда” деди

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Улукбек Кочкоров “сурамжылоодон кийин кыргызстандыктардын 49 пайызы жакшы жашоо үчүн эгемендүүлүктөн баш тартууга макул экени айтылууда” деп билдирди. Депутат бул өтө кооптуу маселе экенин кошумчалап, буларды айтты:

“Жарандардын 49 пайызы жакшы жашоо үчүн өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнөн баш тартышы баарыбызга (ред. бийликтегилер) аброй алып келбейт. Эгер экономикалык абалыбыз ушундай темп менен кете берсе, жакында 2 миллион жараныбыз башка мамлекеттин жарандыгын алышы мүмкүн”,- деди Кочкоров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан