Өкмөт башчылыкка талапкер
Жоомарт Оторбаев: “
Өкмөткө
караштуу ведомстволордун жана агенттиктердин жетекчилерин дайындоодо эч кандай
соодалашуу болбойт”,- деп билдирди бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин пленардык
жыйынында.
"Ведомстволордун жетекчилерин дайындоодо фракциялар
кийлигише албайт. Анткени ал өкмөт
башчынын укугу. Баары мыйзам чегинде болушу керек",- деди Жоомарт Оторбаев.