Депутаттар вице-премьер-министрликке талапкерге Барак анклавынын көйгөйүн чечүүнү сунушташты  

Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу вице-премьер-министрликке талапкер Абдырахман Маматалиевге чек ара маселесин, анын ичинде Барак анклавынын көйгөйүн чечүүнү сунуштады. “Барактын жашоочулары кыйналып жатканын жакшы билесиз. Сох, Ворух анклавындагы абал белгилүү, чек ара маселесин чечүүгө аракет кылыңыз”,- деди Бакир уулу. 

Депутат кыргыз элин пейилди оңдоого чакырып, “Куранда элдин пейилине жараша башчы берем деп айтылат, пейилди оңдойлу” деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан