Бектур Асанов бүгүн Улуттук оппозициялык кыймылга мүчө болду

Саясатчы, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов бүгүн, 3-апрелде Улуттук оппозициялык кыймылга мүчө болуп кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өзү билдирди. 
Анын айтымында, өлкөдө авторитаризмдин тамыры күч алууда жана ал кыймылга кирүү менен саясий коррупцияга каршы күрөшүүгө бел байлап жатат.

Буга чейин Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлүгүндө жок болчумун. Бүгүн кыймылга мүчө болдум. Мамлекетти президент Алмазбек Атамбаев туура эмес нукта башкарып, авторитаризм күчөп жаткандыктан, жөн тура албадым. Мындан ары активдүү аракетке өттүм”,- деди Бектур Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан