Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрда ички иштер органдары, Ооган согушунун ардагерлери, облустук аксакалдар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, өкмөтүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Жээнбековдун катышуусунда конференция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара облус аймагындагы ардагерлердин, ички иштер органдарынын жана Ооган согушунун ардагерлеринин коомдогу ролун жогорулатуу максатында өттү.
Ал эми өтүп жаткан жыйын жогорку инстанциялардын алдында отчёт берүү үчүн өткөрүлүп жатпаганын ыйгарым укуктуу өкүл Жеңиш Жээнбеков айтып, облус боюнча өкүлчүлүк жана укук коргоо органдары тарабынан жол берилген кемчиликтер, катачылыктар жөнүндө ачык-айкын жана акыйкат сын-пикирлерди айтууга чакырып өттү.
Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ж.Жоробеков: “Коомдук коопсуздукту, тартипти камсыздоо, кылмыштуулуктун, улуттар арасындагы араздашуулардын алдын алууда ардагерлердин ролу чоң. Ошондой эле нааразычылык акцияларына жана башка массалык тартип, мыйзам бузуучулуктарга жол бербөө багыттары боюнча укук коргоо органдарынын көрсөтүп жаткан көмөгү да чоң”,- деди ал.