Кыргызстандын Ош жана Баткен облустарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган мекеменин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору тарабынан 2014-жылы республиканын калктуу аймактарын жана жашоо тиричиликти камсыз кылуучу объектилерин селдерден, суу ташкындарынан жана башка табигый кырсыктардан коргоо максатында бекитилген мерчемдин негизинде атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары 6 объектиде жүрүп жатат. Алардын ичине Ош облусу боюнча 3, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2 объект кирет.
Ош облусу
1. 2014-жылдын 24-мартынан тарта Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагындагы Дөң-Булак-1 аймагында суунун нугун буруу жана коргоочу тосмо салуу иш-чаралары жасалууда.
2. 13-марттан тарта Ноокат районунун Ынтымак айылдык аймагында, Беш-Буркан айылында жана Ак-Сай сел өткөрүүчү каналын тазалоо иштери жүрүүдө.
3. 27-апрелден баштап Араван районунун Чек-Абад, Шор-Булак айылындагы сел өткөрүүчү каналды куруу иш-чаралары башталат.
Ош шаары
1-апрелден баштап Жапалак аймактык башкармалыгынын Тээке айылындагы Кайырма каналынын 5400 метр аралыгын казып тазалоо иш-чаралары аткарылып жатат. Бүгүнкү күндө 750 метр жол тазаланды.
Баткен облусу
28-февралдан баштап Баткен районунун Самаркендек, Орто-Сай аймагында сайлардын нугун тазалоо жана бекемдөө иш-чаралары жасалууда.
1-апрелде Баткен районунун Дара, Чек айылындагы Өрүкзар аймагында 8х4 көлөмүндөгү ички чарбалык көпүрөнүн курулушу башталды.