“Келдибековго кылмыш иши козголсо, Сатыбалдиев, Жээнбеков, Сарпашев да жоопко тартылсын” дейт Жеңиш Молдокматов

“ЖКнын “Ата Журт” фракциясынан депутаты Ахматбек Келдибековго бир нече кылмыш иштери козголгон. Адилеттүүлүк болуш үчүн ЖКнын көз карандысыз депутаты Равшан Жээнбеков, КСДПнын өкүлдөрү Жантөрө Сатыбалдиев, Иса Өмүркулов, Тайырбек Сарпашев, Каныбек Нарбаев жоопкерчиликке тартылсын”,- деп бүгүн, 7-апрелде маалымат жыйынында “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, акыркы 23 жыл ичинде 4 бийлик алмашып, эч кандай реформалар ишке ашырылган эмес. “Жогорку Кеңеш кадрлар бөлүмүнө айланды. Жаңы өкмөт жеке кызыкчылыктарга жана келе жаткан президенттик шайлоо үчүн гана курулду”,- дейт активист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baibai71
2014-04-07 13:31:17
Жениш Молдакматовдун оюна мен да кошулам,6 млрд сомду мойсогон Ж Сатыбалдыев,жер саткан И Омуркулов жана да Т Сарпашев Градиент боюнча жоопко тартуу керек.
+2
Dadin
2014-04-07 13:42:39
Алар жаны бийлик келгенден кийин жоопко тартылышат,жаны бийликти сатып алышпаса эле.
+3
ilek-ilek88
2014-04-07 14:04:26
Dadin, эх политика
0
asiret
2014-04-07 17:02:53
кыргызстанда качан калыстык болот деги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан