2014-жылдын I кварталында (3 ай) “Инфоком” мамлекеттик ишканасы 84 779 ID-картасын жана 50 936 жалпы жарандык паспорт жасады. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, КРнын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, акыркы 3 айдын ичинде 16 жашка жаңы чыккандар үчүн 3475 ID-карта даярдалды.
Белгилей кетсек, Персонификациялоо боюнча мамлекеттик борбордун ачылышынан тарта 745 623 ID-карта жана 122 915 жалпы жарандык паспорт берилген.