КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жыйын өткөрүп, анда 2014-жылдын биринчи кварталы боюнча бюджеттин аткарылышы талкууланды.
Ал ички дүң продукциянын өсүшү биринчи кварталда 5,6 пайызды түзгөнүн, инвестициядагы негизги капиталдын өсүшү 33 пайызга барабар болгонун айтты. Өкмөт башчы бул тармактардагы өсүү динамикасы туруктуу экенин белгилеп өттү.
Премьер-министр квартал аралыгында Бажы жана Салык кызматынын планды толук аткарбаганы кооптондурарын кошумчалады. 2014-жылы 3 ай ичинде мамлекеттик бюджетке 9 407 миллион сом (божомолдор боюнча 10 531,4 миллион сом) төгүп, план 89,3 пайызга аткарылган.
Жогорудагы убакыт аралыгында Бажы кызматы 7 459 миллион сом (7 698,2 миллион сом чогултуу болжолдонгон) чогултуп, план 96,9 пайызга аткарылган. Жоомарт Оторбаев планды аткарууга тийиштүү аракеттер көрүлбөгөнүн баса белгиледи.