Кубанычбек Кулматов "Орто-Сай" базарынын жанында мыйзамсыз салынып жаткан дүкөндү жок кылууну талап кылды

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов борбор калаанын аймагында текшерүү иш сапарынын жүрүшүндө "Орто-Сай" базарынын жанында мыйзамсыз салынып жаткан дүкөндү жок кылууну Октябрь районунун акими Камалдин Токтосартовдон талап кылды. Анын айтымында, аталган дүкөн мыйзамсыз курулуп, мындан улам элдин нааразычылыгы пайда болот.
"Андан соң эл мэрияга каршы чыгат, "Эмне себептен уруксат берип жатасыңар?" деп. Эртең келем, бул курулуш токтотулуп, бул жерде эч нерсе калбасын",- деп мэр тапшырма берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан