"Бишкектин Асанбай жана 12-кичи райондорунун аймагында курулуп жаткан муниципалдык наабайкана күзүндө ишке кирет",- деп бүгүн, 8-апрелде Бишкектин мэри
Кубаныбек Кулматов журналисттерге
билдирди.
Анын айтымында, ишкананын иштеп башташы менен нандын баасы арзандайт. "Мисалы, бүгүн бир бөлкө нанды 15-20 сомдон сатып алсак, 4 айдан кийин наабайкана иштей баштаганда, баасы 10-12 сомдон болот",- деди Кулматов.
"Ушул социалдык долбоорду ишке ашыруу үчүн 4,5 миллион АКШ доллары грант катары сарпталган",- деп белгиледи мэр.