Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов борбордун аймагындагы текшерүү иш сапарынын жүрүшүндө "Орто-Сай" базарындагы сатуучулардын пикирин укту.
Шаар башчысынын айтымында, аталган базардагы гезит сатуучу жай адам өтүүчү жолдо жайгашып, элдин өтүүсүнө тоскоолдук түзүп жатат. Мындан тышкары мэр гезит сатуучу патентсиз иштеп жатканын айтты. “Сиз патент алып иштесеңиз туура болот. Ошондо эч ким сизге тийишпейт”,- деди сатуучу айымга Кулматов.
Андан соң мөмө-жемиш сатуучу аял андан дүкөндүн жанында сатуучу жайдан дагы бир катар ачууну суранды. Мындай өтүнүчкө мэриянын жетекчиси каршы болуп, атайын даярдалган дүкөндөрдү ижарага алып, мыйзамдуу соода жүргүзүүнү сунуштады.