Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарында куткаруучулар көп кабаттуу үйдүн чатырындагы кооптуу бетонду түшүрүштү. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кулатов атындагы шаарчадагы №9-үйдүн чатырында кооптуу болуп, урап түшө турган абалдагы бетон байкалып, аны түшүрүү боюнча буйрук берилген.
ӨКМнын Куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган дарекке барышып, №9-үйдүн чатырындагы кооптуу бетонду альпинисттик шаймандардын жардамы менен түшүрүп, жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылышты.