Кечээ, 8-апрелде Шаардык суу чарба башкармалыгы рейд жүргүзүп, анда шаардагы унаа жуучу жайлар, кафелер таза суу үчүн убагында акча төлөбөй келгендиги белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасынын юридикалык жактар боюнча бөлүм башчысы Адилбек Турдуматов билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 4 менчик ишкана жабылды.
Маалыматка ылайык, Суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жаз, жай айларында көп өткөрүлөт. Карызын өз убагында төлөбөгөн мекеме-ишканаларга эскертүүлөр берилет. Ошондой эле шаардагы көп кабаттуу үйлөргө таза суу жеткирүү татаалдашып баратат. Мунун себеби жашоочулар сууну сарамжалдуу пайдаланбаганында экенин кошумчалады.