Бүгүн, 9-апрелде Бишкектин М.Горький атындагы сейил багында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын “Альфа” атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн ардагерлери пикет уюштурат. Маалым болгондой, иш-чара саат 11:00дө башталат. Пикетчилер “Альфанын” кызматкерлерин коргоону талап кылышат.
Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде SUPER.KG порталына “Альфа” аскер бөлүгүнүн ардагерлеринин эл аралык уюмунун басма сөз катчысы Юрий Копытин билдирди.
Эскерте кетсек, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча 21 "альфачы" массалык өлтүрүү жана кылмыштуу буйрукту аткаруу күнөөлөрүнүн негизинде айыпталып жатышат.